Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Бишкек—Ош жолунда «Ниссан Пикап» унаасы менен көчкүнүн алдында калган 4 жолчунун сүрөтү

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун 255-чакырымындагы кар көчкүнүн кесепетинен Транспорт жана жолдор министрлигинин №23 жол тейлөө ишканасынын 4 кызматкери каза болду.

Каза болгондордун аты-жөнү:

1. «Ниссан Пикап» унаасынын айдоочусу Момуналиев Анарбек Рапитбаевич, 1972-жылы туулган;

2. №23 жол тейлөө ишканасынын оператору Орунбеков Нурбек;

3. №23 жол тейлөө ишканасынын жумушчусу Жапаркулов Султангазы Фронтбекович, 1969-жылы туулган;

4. №23 жол тейлөө ишканасындагы жол мастери Мураталиева Акчабайдын 1996-жылы туулган уулу — Акчабай уулу Курсант.

Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, 27-мартта Бишкек—Ош унаа жолунун 255-чакырымындагы кар көчкүнү тазалоо иштери аяктап, унаа жолдогу каттам ачылган учурда саат 21:15 чамасында кайрадан көлөмү 8 миң 640 метр кубга (узундугу — 90 метр, туурасы — 12 метр, бийиктиги — 8 метр) жеткен кар көчкү түшкөн.

Кар көчкү №23 жол тейлөө ишканасына тиешелүү болгон «Ниссан Пикап» унаасын, мындан тышкары унаа жолдо жүрүп бараткан «Субару Легаси» үлгүсүндөгү жеңил унааны басып калган. Көчкүнүн алдынан жалпы 6 адам куткарылды.

Бишкек—Ош унаа жолунун 255-чакырымы (Чычкан капчыгайы)

Транспорт жана жолдор министрлиги көчкүнүн кесепетинен каза болгон жарандардын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү үчүн атайын эсеп ачты. Министрлик белгилегендей, көз жумган жарандар ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылып, аба ырайынын татаалдыгына карабастан жолду көчкүдөн тазалоо үчүн чыгып кетишкен.

Атайын эсеп тууралуу:

Кабыл алуучунун аты: Ажыкулов Иманбай Казакович (№23 жол тейлөө ишканасынын кызматкери);

БИК: 129037;

Эсеп: 1290373480000042;

Кардардын эсеби: 03702417348201000127, «РСК Банк» ААК (Токтогул шаары).

Транспорт жана жолдор министрлигинин жамааты каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө бир күндүк эмгек акысын котормой болушту. Ошондой эле, жолчулар кесиптештерин акыркы сапарга узатууну уюштурууга кеткен чыгымды каржылашат.

Ичиндеги 4 адам каза болгон «Ниссан» унаасы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1226
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×