Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 30.03.2017 15:55

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары тарады

Turmush -  Жалал-Абад шаардык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары бүгүнкү сессияда мөөнөтүнөн мурда тарап кетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Буга чейин «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата Журт» партиялары тарап кетүү боюнча сунуш келтиришкен эле. Бүгүнкү сессияга 23 депутат катышып, алар тарап кетүү сунушун колдошту. Шаардык кеңештин жаңыдан келген депутаттарынын чечими боюнча БШКга кат даярдалууда.

Маалым болгондой, кечээ 5 фракциянын өкүлдөрү жабык эшик артында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тароо чечимине келишкен.

Буга чейин маалымдалгандай, 12-январда Жалал-Абад шаардык кеңешинин 7-чакырылышынын биринчи сессиясы өтүп, анда «Биримдик» коалициясы түзүлгөнү жарыяланган. Анын курамына «Өнүгүү-Прогресс», «Республика — Ата Журт», «Ата Журт» партиялары кирип, КСДП жана «Кыргызстан» партиясы оппозицияда калган.

«Биримдик» коалициясынын лидери болуп «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Майрамбек Адылбеков шайланган. Анын талапкерлигин коалициянын курамына кирген партиялардын депутаттары жактырышкан эле. Кийинчерээк белгилүү болгондой, 27-январда коалициядан «Республика — Ата Журт» фракциясы чыгып, «Биримдик» көпчүлүк коалициясы тараган. Андан соң, шаардык кеңеште жаңы «Ынтымак» коалициясы түзүлгөн. Анын курамына КСДП, «Кыргызстан» жана «Республика — Ата Журт» фракциялары кирген. Коалициянын лидери болуп Сайдилла Чимбердиев шайланган.

2016-жылы 11-декабрда Кыргызстанда 22 шаардык жана 389 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөн. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

12.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин 1-сессиясына келбеген депутаттар мандаттарын түштөн кийин алышты
12.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңеште жаңы коалиция түзүлүп, 2 партия оппозицияда калды (фото, видео)
13.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин 1-сессиясын эки фракциянын лидерлери легитимсиз деп билдиришти
15.01.2017КСДП менен «Кыргызстан» Жалал-Абад шаардык кеңештин биринчи отурумунун мыйзамдуулугун карап берүү үчүн сотко кайрылышты (фото, видео)
16.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин сессиясы сот чечими чыкканына байланыштуу болбой калды
16.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин жаңы коалициясы соттун чечимине апелляциялык даттануу келтирет
06.02.2017Жалал-Абад шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлүп, курамына КСДП да кирди (фото, видео)
16.02.2017Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясы депутаттардын айынан үзгүлтүккө учурады (фото)
02.03.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин сессиясы жылдырылды
10.03.2017Жалал-Абад шаардык кеңештеги 2 фракциянын депутаттары саясий кызыкчылыктан улам сессияга келбей жатышат, - мэр С.Авазов
27.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги «Биримдик» көпчүлүк коалициясы тарады
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×