Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Жалал-Абад

Жалал-Абадда өкүлдүн кубогуна арналган мини-футбол мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин кубогуна арналган мини-футбол мелдеши жыйынтыкталды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, төрт күнгө созулган мелдешке облустун район-шаарларынан 24 команда катышты. Облус жетекчисинин кубогуна арналган мелдештин финалдык оюнунда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын «Динамо» жана Жалал-Абад шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү «Петролеум компани» командалары чыгып, 2-1 эсебинде «Динамо» командасы жеңишке жетип, облус жетекчисинин кубогунун ээси болуп калды. Ал эми 3-4-орун үчүн болгон мелдеште «Жалалабатэлектро» ААКтын «Энергетик» командасы «Байлык финансы» компаниясынын командасы менен беттешип, 4-2 эсебинде «Энергетик» командасы жеңишке жетишти.

Биринчи жана төртүнчү орундарды камсыз кылган командаларга дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен медалдар тапшырылды. Мындан сырткары, спорттун мини-футбол турниринин эң мыкты дарбазачысы, коргоочусу, чабуулчусу, бомбардири, мыкты калысы, мыкты ардагер оюнчусу жана мелдештин бардык оюндарын үзгүлтүксүз өткөрбөй көргөн күйөрман номинациясы боюнча дагы жеңүүчүлөр аныкталып, аларга дагы футбол тобу жана спорттук формалар белек катары тапшырылды.

Байгелүү орундарды камсыз кылган командаларга сыйлыктарды КРнын Футбол федерациясынын түштүк аймак боюнча катчысы Тайырбек Чойбеков, Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Барчынбек Жантөрөев жана өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын башкы адиси Эрнис Бөрүбаев тапшырды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1040
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×