Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Жалал-Абад

Токтогулдук жаш спортчу А.Аманбеков самбо боюнча дүйнөлүк мелдешке жолдомо алды (фото)

Turmush -  Токтогул шаарында жашаган жаш спортчу Азат Аманбеков менен анын машыктыруучусу — самбо боюнча СССРдин спорт чебери Бектеназар Кылычовго шаар мэри Марат Калмурзаев мэриянын атынан акчалай сыйлык тапшырды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

А.Аманбеков учурда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында 1-курста билим алууда. Ал буга чейин Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн самбо боюнча Азия чемпиондугунда 3-орунду ээлеген. 2015-жылы Азия чемпиондугунда 52 кг салмак боюнча мелдешке түшүп, 2-орунду камсыздаган. Мындан сырткары, республикалык мелдештерде 2014-2015-2016-жылдары 1-орунду жеңип келген. 2016-жылы Румыния мамлекетиндеги Плоешти шаарында жаштар арасында өткөрүлгөн турнирде 57 кг салмактагы спортчулар арасында 3-орунду ээлеген.

Ушул эле жылы Жусуп Абдырахманов атындагы эл аралык турнирде 62 кг салмак боюнча 1-орунду жеңген. 2017-жылы республика боюнча жаштар арасында уюштурулган турнирде 1-орунду камсыздап, дүйнөлүк мелдешке жана Азиялык турнирлерге жолдомо алды.

Азат үй-бүлөдө 3 бир туугандын эң улуусу. Атасы мугалим, ал эми апасы үй кожейкеси. Спортчуну тарбиялап өстүргөн машыктыруучусу Б.Кылычовго шаардык мэриянын эсебинен 10 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. Ал эми Азатка келечектеги эл аралык турнирлерге даярдануусуна каржылык колдоо катары 20 миң сом берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1023
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×