Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 25.03.2017 14:47

Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлүнүн жаңы орун басары облус активине тааныштырылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 25-мартта өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалган Ырысбек Ызабеков облус активине тааныштырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Өкмөттүн аппаратынын уюштуруу инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жетиген Бакиров өкмөт башчынын буйругун окуп берди.

Ал эми 3 жылдан бери өкүлдүн орун басары болуп эмгектенип келген Бактыбек Анаркулов өз кызматын жоопкерчилик менен аркалап келгенин белгилеп, ыраазычылык айтты.

Өкмөттүн өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев да Ырысбек Ызабеков мамлекеттик кызматтарда иштеп келген дасыккан кадр экенин, облустун өнүгүүсү үчүн иштей турганына үмүт артып жатканын белгиледи.

Маалым болгондой, Ы.Ызабеков буга чейин өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында башкы инспектор болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×