Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу 25.03.2017 12:23

Ырысбек Ызабеков өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды (эмгек жолу)

Turmush -  Ызабеков Ырысбек Темирбекович өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Эмгек жолу:

- 1979-1981-жылдары Жаңы-Жол совхозунда жумушчу;

- 1986-1989-жылдары «Таш-Көмүр курулуш» ишканасынын мастери,

- 1989-1990- жылдары «Таш-Көмүр курулуш» ишканасынын «Өнөр жай жана курулуш банк» филиалынын башчысы;

- 1991-1992-жылдары «Таш-Көмүр курулуш» ишканасынын башкы инженери;

- 1992-1993-жылдары Таш-Көмүр шаарындагы мамлекеттик администрациясында курулуш, архитектура жана жакшыртуу боюнча реферант;

- 1993-1996-жылдары Таш-Көмүр шаардык администрациянын башчысынын орун басары;

- 1996-2001 -жылдары Таш-Көмүр шаардык администрациянын башчысынын биринчи орун басары;

- 2001-2004-жылдары Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын вице-мэри,

- 2004-2006-жылдары Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын биринчи вице-мэр и,

- 2006-2010-жылдары Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;

- 2010-жылы-Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу;

- 2010-2011-жылдары Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын өнөр жай жана энергетика бөлүмүнүн башчысы;

- 2011-жылы Майлуу-Суу шаарынын мэринин милдетин аткаруучу;

- 2011-2012-жылдары Майлуу-Суу шаарындагы Архитектура жана шаар куруу кызматынын архитектору;

- 2013-2016 -жылдары өкмөттүн алдындагы Мамэкотехинспекциянын Чаткал жана Ала-Бука району боюнча башкармалыгынын башчысы;

- 2016-жылы өкмөттүн алдындагы Мамэкотехинспекциянын өнөр жай коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү башкармалыгын улуу инспектору;

- 2016-жылы өкмөттүн алдындагы Мамэкотехинспекциянын аймактык башкармалыгынын Жалал-Абад, Сузак жана Тогуз-Торо райондору боюнча бөлүмдүн башчысы;

- 2016-жылдан ушул күнгө чейин Мамэкотехинспекциянын өрт көзөмөлдөө башкармалыгынын улуу инспектору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×