Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу 25.03.2017 12:19

Бактыбек Анаркулов өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулду

Turmush -  Бактыбек Анаркулов өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.

«Анаркулов Бактыбек Кочкорович жазган арызына байланыштуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулду», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×