Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Жалал-Абад

Ала-Букада айылдык кеңештин депутаттары, имамдар жана жетекчилер спорттук мелдешке түштү

Turmush -  Ала-Бука районунда ар түрдүү тармактардын, мекеме-ишканалардын, айыл өкмөттөрдүн жетекчилери, айылдык кеңештердин депутаттары жана имамдардын ортосунда спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу акимдин орун басары К.Үсөнбаева билдирди.

Анын айтымында, волейбол жана футбол боюнча мелдеш райондогу аскердик бөлүктүн аймагында өттү. Мелдешти райондук мамлекеттик администрация жана айыл өкмөт башчылар уюштурду.

Мелдештин жыйынтыгында волейбол боюнча 1-орунду райондогу социалдык тармакка кирген мекеме-уюмдарын жетекчилери жеңип алды. Футбол боюнча мелдеште 1-орунга райондун укук коргоо органдарынын жетекчилеринен турган команда ээ болду. Бул эки командага райондун өтмө кубогу тапшырылды.

Жеңген командаларга 5-4-3 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1093
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×