Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 22.03.2017 10:26

Фото — Кара-Көлдө «Ала-Тоо» MMA клубунун ачылышы жана Нооруздун урматына эрежесиз эр уруш мелдеши өттү

Turmush -  Кара-Көл шаарында «Ала-Тоо» MMA клубунун 21-мартта өткөн ачылыш аземине жана Нооруз майрамынын урматына эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш өттү. Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чаранын башталышында шаар мэри Ильяз Еркеев шаардыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Жалпы кыргыз журтун жана Кара-Көл шаарынын элин Нооруз майрамы менен куттуктайм. Келечекте жаштарды ар тараптан колдоп, улуу-кичүүнүн арасында ынтымакты чыңдап, спортту өнүктүрүү максатында шаар башчысы катары өзүм демилге көтөрүп, башка жетекчилерди үндөп, таза шаар, таза жана дени сак коомду өнүктүрүү үчүн көптөгөн чоң пландарын түзүп жатабыз. Мисалы, бүгүн MMA боюнча турнир өтүп жатат. Ошону менен бирге MMA боюнча «Ала-Тоо» спорттук клубун ачтык. Анда спорттун бул түрүнө кызыккан жаш спортчуларды тарбиялап, аларды ар тарап колдоону жеке өзүм демилгелеп жатам.

Буйруса «Ала-Тоо» клубунда машыккан балдарды 31-август — Эгемдүүлүк күнүнө карата Кара-Көл шаарында республикалык деңгээлде өтүүчү MMA боюнча чоң турнирге даярдайбыз. Бул турнирди биз уюштурабыз, жалпы байге фонду 1 млн сомду түзөт.

Эрежесиз эр уруштун негизги куралы торчодон тосулган ринг болуп эсептелет. Өзүм дөмөөрчүлүк кылып, биздин спортчуларга ринг белек кылдым.

Ошондой эле, былтыр көк бөрү боюнча «Энергетик» командасын түзүп, улакчыларды тарбиялаганбыз. Бүгүнкү Нооруз майрамынын урматына карата уюшулган көк бөрү оюнуна Жалал-Абад облусу боюнча 11 команда катышып, жыйынтыгында биздин шаардын улакчылары 1-орунду ээлешти.

Спорттун бардык түрүнөн спортчуларды материалдык, моралдык жактан колдосок, келечекте Кара-Көлдүн спортчулары чоң ийгиликтерди жаратат деген ойдобуз», - деди И.Еркеев.

Шаарда Ноорузга карата өткөрүлгөн ММА боюнча спорттук мелдешти шаар башчысы Ильяз Еркеев колдоп, демөөрчүлүк кылган. Анын жалпы байге фонду 100 миң сомду түздү.

Иш-чараны «Ала-Тоо» клубунун эрежесиз эр уруш боюнча машыктыруучулары А.Темиралиев, Жайнак Уулу Абиль жана Т.Бердалиев уюштурган. Мелдешке Бишкек, Ош, Шамалды-Сай шаарларынан жана Токтогул районунан келген спортчулар катышты.

Анын жүрүшүндө 57 жана 62 кг салмак даражасындагы өспүрүмдөр арасында эки беттеш, 60-74 кг салмактагы чоңдор арасында 8 беттеш өтүп, «супер беттешке» 62 кг салмактагы спортчулар чыкты.

Жыйынтыгында:

- чоңдор арасында 60 кг салмактагылар арасында 1-орунду Шамалды-Сай шаарынан келген Абдысадыр уулу Темирлан жана Ош шаарынан чыккан Ысманалиев Акылбек ээледи;

- 62 кг салмактагылар арасында 1-орунга Бишкек шаарынан келген Канаев Баел чыкты;

- 70 кг салмактагылар арасында 1-орунду кара-көлдүк Жумашов Азат, Жетиген айылынан Чабан уулу Нургазы ээледи;

- 74 кг салмактагылардан кара-көлдүк Сакаев Куттубек жеңүүчү болду;

- 71 кг салмак даражасы боюнча Жетиген айылынан Боролдоев Эрнист 1-орунга чыкты.

Аталган жеңүүчүлөргө диплом, 2 миң сомдон акчалай сыйлык, медаль жана кубок тапшырылды.

Ошондой эле, «супер урушта» 62 салмактагылар арасында 1-орунду ээлеген кара-көлдүк Төлөгөн Макеев жана Ариет Бекишов 5 миң сом акчалай сыйлык, кубок, медаль жана дипломго ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×