Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 22.03.2017 09:52

Ала-Букада мекеме-ишканалардын жетекчилери спорттун 4 түрү боюнча мелдешке түштү (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунда Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда спорттук иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Мелдеште жетекчилерден куралган 9 команда спорттун футбол, волейбол, теннис жана шахмат түрү боюнча өз ара күч сынашты. Өткөрүлгөн иш-чара тургундарды сергек жашоого үндөө менен райондогу мекеме-ишканалардын ортосундагы ынтымак, биримдикти чоңдоо максатын көздөйт. Бир күн бою жүргөн спорттук мелдештин жыйынтыгында мыкты командалар аныкталып, район жетекчилиги тарабынан Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Жалпы командалык жыйынтык боюнча 1-орунду социалдык тармактар боюнча ишканалардын жетекчилеринен турган команда ээлеп, спорттук өтмө кубокту алышты. Ал эми 2-орунду күч органдарынын жетекчилеринен түзүлгөн команда ээлесе, 3-орунду райондук мамлекеттик администрациядан чыккан команда жеңип алды.

Аталган мелдеш Нооруз майрамына карата уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×