Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Жалал-Абад

Тогуз-Торонун кыздары Кара-Бууранын жигиттери менен сармерденде таймашты

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун кыз-келиндери менен Талас облусунун Кара-Буура районунун жигиттери сармерденде таймашты. Бул тууралуу Тогуз-Торонун акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева билдирди.

Анын айтымында, тогуз-торолук 30 кыз-келин өз тамашаларынан сырткары кыргыздын унутта калган каада-салт, өнөрлөрүн тартуулашты.

«Тогуз-торолук сермерденчи кыз-келиндер эл-жердин ынтымагы менен биримдигин сактоону алдыга коюп, кара-бууралык жигиттерге жээн табак тартышты. Муну менен тогуз-торолук кыз-келиндер тайлары жарашса, бооруна тартса, жээндер эл болот деген осуятты кыйытышты. Жыйынтыгында эки тарап тең чыкты», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3146
×