Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда кичи футбол турниринин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Жалал-Абад шаарында «Асыл» фирмасынын кубогу үчүн кичи футбол боюнча 14-турнир болуп өттү.

Уюштуруучулардын айтымында, мелдешке Ош жана Жалал-Абад облустарынан 16 команда катышты. Мелдештин жыйынтыгы менен Кочкор-Ата шаарчасынын «Нефтчи» командасы эч кимди алдыга чыгарбай, башкы орунду камсыз кылышты. Ал эми, Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдерди даярдоочу спорт мектебинин командасы 2-орунга чыгышты. 3-орунду Таш-Көмүр шаарынын футболчулары ээлешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 552
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×