Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда кыз-келиндер арасында өкмөттүн өкүлүнүн кубогу үчүн волейбол мелдеши өттү

Turmush -  Жалал-Абад шаарында кыз-келиндер арасында волейбол оюну боюнча өкмөттүн облустагы өкүлүнүн кубогу үчүн чоң мелдеш өттү. Бул тууралуу 15-мартта уюштуруучулар билдиришти.

Алардын айтымында, мелдеш Экономика жана ишкердик университетинин базасында уюштурулуп, шаардагы мектептер, жогорку жана орто окуу жайлардагы 35 жаштан жогорку кыз-келиндер таймашты.

Мелдештин жыйынтыгы менен «Көк-Арт» командасы биринчи, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыз-келиндери экинчи, Экономика жана ишкердик университетинин тобу үчүнчү орунду камсыз кылышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 514
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×