Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.03.2017 17:46

Жалал-Абад шаардык кеңештеги 2 фракциянын депутаттары саясий кызыкчылыктан улам сессияга келбей жатышат, - мэр С.Авазов

Turmush -  Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата Журт» фракцияларынын депутаттары эл үчүн, шаар үчүн иштебестен, өздөрүнүн саясий кызыкчылыктарын ойлоп, шаарга кыйынчылык түзүп жатышат. Мындай пикирин шаар мэри Салайдин Авазов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 10-мартта аталган фракциялардын депутаттары келбей, шаардык кеңештин сессиясы болбой калды. Буга чейин да ушундай эле себеп менен сессия өтпөй калган.

«Депутаттар шайланарда элге көп убадаларды берип, эл, шаар үчүн иштей турганын айтышкан. Бирок, мандат алышкан соң дароо өздөрүнүн саясий амбициясына өтүштү. Аларга шаардын мэринин жана шаар кеңешинин төрагасынын, муниципалдык кызматтардын орду гана керек экен. Азыр бизде тезинен ишке ашырылуучу көп долбоорлор шаардын бюджети бекитилбегендиктен токтоп турат. Мисалы, Ленин, Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишиндеги 22 млн сомдук жер астынан өткөөл жасоо долбоору башталышы керек эле. Бирок, аргасыз токтоп турат. Андан башка да бир нече миллиард сомдук долбоорлор бекитилсе, быйыл түз инвестицияларды алып келмекпиз», - дейт мэр.

Шаардык кеңештеги шайлоолордо «Кыргызстан», «Ата Журт», «Республика – Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс», КСДП партиялары мандатка ээ болушкан. Алгач «Өнүгүү-Прогресс», «Ата Журт» жана «Республика – Ата Журт» партиялары «Биримдик» көпчүлүк коалициясын түзүп, кийин ал ыдырап кеткен.

Андан кийин КСДП, «Кыргызстан» жана «Республика – Ата Журт» партиялары 18 добуш менен «Ынтымак» көпчүлүк коалициясын түзүшкөн. Бирок, коалициядагы депутаттардын добушу 21ге жетпегендиктен шаардык кеңештин төрагасын, шаар мэрин шайлоого мүмкүн болбой жатат.

Жалпысынан шаардык кеңеште 31 депутаттык мандат бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

05.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин жаңы курамы (фамилиялар)
12.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин жаңы депутаттары 1-сессияга 50 мүнөт кечигишти (толукталды, фото)
12.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңеште жаңы коалиция түзүлүп, 2 партия оппозицияда калды (фото, видео)
12.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин 1-сессиясына келбеген депутаттар мандаттарын түштөн кийин алышты
13.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин 1-сессиясын эки фракциянын лидерлери легитимсиз деп билдиришти
15.01.2017КСДП менен «Кыргызстан» Жалал-Абад шаардык кеңештин биринчи отурумунун мыйзамдуулугун карап берүү үчүн сотко кайрылышты (фото, видео)
16.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин сессиясы сот чечими чыкканына байланыштуу болбой калды
16.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин жаңы коалициясы соттун чечимине апелляциялык даттануу келтирет
27.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги «Биримдик» көпчүлүк коалициясы тарады
06.02.2017Жалал-Абад шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлүп, курамына КСДП да кирди (фото, видео)
16.02.2017Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясы депутаттардын айынан үзгүлтүккө учурады (фото)
02.03.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин сессиясы жылдырылды
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×