Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото, видео - Тогуз-Тородогу телемунарадагы үйдөн тамактанып, ноутбуктан видео көргөн түлкү адамдарга көнүп калды

Turmush -  Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Дөдөмөл айылындагы тоо кырдагы телемунарада иштегендердин үйүнө күндө келген түлкү адам баласына кадимкидей көнүп калды. Бул тууралуу телемунаранын кызматкери Эрлан Асаналиев Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Өзүнүн айтымында, бул түлкү кызматкерлердин үйүнө келе баштаганына 3 айдын жүзү болду. Буга чейин ал үйгө кирип, курсагын тойгузуп, ноутбуктан видео көрүп кетип калчу. Учурда түлкү чоңоюп, атын Алиса деп атаган сайын жумушчуларды телмире карап, адамдарга көнө баштаган.

«Алиса үйгө күн сайын келет. Бизге үйүр болуп, көнүп калды. Азыр анын атын атап чакырсак келет. Курсагы тойгондо кетип калат. Күн жылыса биротоло кетип калабы деп ойлоп жатабыз», - деди Э.Асаналиев.

Turmush басылмасына мурда маалымдалгандай, телемунарада иштегендердин үйүнүн терезесине түлкү келип такылдата баштаган. Ага алгач терезеден тамак беришкен. Андан эки күндөн кийин түлкү ачып койгон эшиктен үйгө кирип тамак иче баштаган. Ал жактагылар акылдуу түлкүгө Алиса деген ысым ыйгарып коюшкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 935
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×