Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 06.03.2017 18:45

Айыл турмушу: Сузактык кол өнөрчүлөр жасаган ат жабдыктарын 30 миң сомго чейин баалашат (фото)

Turmush -  Сузак районунун Тайгара айылынын тургундары Мирбек уулу Толкунбек менен Калбек уулу Баястан ат жабдыктарын жасашат.

Кол өнөрчүлөрдүн айтымында, алар акыркы 3 жылдан бери ээр, тердик, жүгөн, басмайыл, үзөңгү, куюшкан сыяктуу ат жабдыктарын жасап, базарга алып чыгууда. Орточо эсеп менен бир ат жабдык 15 миң сомго чейин бааланат. Эгер кайыш материалдан жасалса анын баасы 30 миң сомдон жогору болот. Ал эми жүгөндүн баасы 2,5 миң сом турат.

«Бизге буйрутмалар көп түшөт. Көк бөрү, беш-беш оюнуна атайын өзүнчө ээрлерди буйрутма менен жасап беребиз. 1 ээрдин баасы 5-6 миң сом болот», - дешти кол өнөрчүлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×