Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.03.2017 16:32

Жалал-Абаддагы университетте илимий иштер онлайн аркылуу жактала турган борбор ачылды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде жаңы CreaLad – илимий изилдөөлөр, иштелмелер жана инновациялар борбору ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Борбордун ачылышына облус жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев, окуу жайдын жетекчилиги жана окутуучулар катышты. Эми бул борбор аркылуу онлайн шартында кандидаттык жана докторлук диссертацияларды жактоого толук мүмкүнчүлүк жаралды.

«Жакында биздин университеттин окутуучусу ушул борбордон өзүнүн кандидаттык ишин жактайт. Бул борбордун эң башкы артыкчылыгы — университеттен студенттерге берилген илимий теориялык билимдерди өндүрүштүк негизде турмушка ашырууга кеңири жол ачылганында. Жалал-Абад шаарындагы бир катар ишкерлер учурда биздин студенттер менен өндүрүшкө инновациялык жаңылыктарды киргизүүгө жана конкреттүү бир тармак боюнча инвесторлорду тартуу үчүн тыгыз кызматташтыкта иштеп жатышат», - деди окуу жайдын ректору Абдилбайет Мамасыдыков.

Учурда бул борбордун жардамы менен ачылган пескоблокторду жана матрацтарды чыгаруучу чакан цехтер иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×