Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Тогуз-Тородо Туу күнүнө карата 500 окуучу жөө жүрүш жасайт

Turmush -  Эртең, 3-мартта Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда Мамлекеттик туу жана Ак калпак күнүнө карата жөө жүрүш өтөт. Бул тууралуу райондун башчысынын орун басары Гүлжамал Султангазиева билдирди.

Маалыматка караганда, райондогу төрт мектептин жана №45 кесиптик лицейдин 500 окуучусу ак калпак кийип, колдоруна мамлекеттик тууларды көтөрүп жөө жүрүш жасашат. Алар райондун Кожалиев, Тоголок молдо жана Жээналиев көчөлөрүнөн өтүп, райондук маданият үйүнө чейин барышат.

«Андан кийин маданият үйүндө Мамлекеттик туу күнүнө карата маданий иш-чара өтөт», - деди Г.Султангазиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 473
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×