Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.03.2017 18:44

Кытайлык кыргыз кызы Арзыгүл турмуш курууга макул болсо, Кытайга барып жашоого даярмын, - КРнын Эл артисти А.Бедияров (маек)

Turmush -  Кыргыз элине кеңири белгилүү мукамдуу обондорду жараткан обончу, ырчы, КРнын Эл артисти Арзыбек Бедияров быйыл 65 жашын белгилөө алдында турат. Учурда ырчы бешинчи ырлар жыйнагын чыгаруу аракетинде.

Ал өзгөчө «Күлгүн жаш» ыры менен эл оозуна алынып, ал ыры элдик ырга айланган. Кайталангыс талант ээсинин обондорунда камтылган каармандары, жашоосу, бүтпөс дастанга айланган махабаты тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

- КРнын Эл аристи канча жашынан ырдай баштады, кантип чыгармачылыкка аралашып калды?

- Мен мектепте окуп жүргөнүмдө 7-8-класстан тарта музыкага болгон кызыгуум арта баштаган. Айылдаш агаларымдын аккордеон, комуз черкенине кызыгып, аларды ээрчип жүрүп үйрөнгөм. Кызыгуумду байкаган ата-энем аккордеон сатып берип, кызыгуум ого бетер арткан. Кичине кезимде көп ооругандыктан дарыгер болом дечүмүн. Кийин Бишкек шаарындагы Медициналык институтка тапшырып, өтпөй калдым. Көгөрүп жүрүп 3 жыл катары менен тапшырдым. 3 жыл тең ал окуу жайга өтпөй калдым. Баары бир дарыгер болом деп Жалал-Абад шаарындагы медициналык окуу жайга тапшырып, окуумду бүтүрдүм. Окуу жайдагы маданий иш-чараларга катышып жүрүп, көркөм жетекчи да болдум.

1994-1995-жылдары Алымкан Эгембаеванын «Эне тилеги» деген ырына обон чыгардым, андан кийин эле 4-5 ырга обон жаратып, чыгармачылыкта тушоом кесилди. Ал учурда Ош телеберүүсү бар болчу, алар менин ырымды элге жарыя кылышты. «Күлгүн жаш» деген ырымды эл жакшы кабыл алды. Элге Сузак маданият бөлүмүндө ырдап жүргөндө жетти. Ырларым Саламат Садыковага жетип, ал бүтүндөй кыргыз журтчулугуна жеткирди. Андан кийин Динара Акулова ырдап чыкты. Ошентип обондорум элге сиңди.

«Күлгүн жаш» ырымды эл жакшы кабыл алып жатканда Сузактагы Карл Маркс деген мектепте катардагы мугалим болуп иштеп жүргөм. Аталган мектептин директору К.Эрматов мектепке дарыгер, мугалим да керек экенин айтып, мага шарт түзүп берген. 17 жыл үй-бүлөм менен иштедим. Ырларым элге таанылып, өзүм мугалим болуп жүргөн мезгилде акын, дастанчы Ж.Алыбаевдин кеп-кеңеши менен шаарга келип, чыгармачылыкка кириштим. Кыргыз элине белгилүү болгон Шахра Талипова, Н.Койчуманова, А.Эшбаева, Г.Өмүрзакова, Кутман Жолдошов, Базарбай Мадумаров сыяктуу чыгармачыл адамдардан куралган «Күлгүн жаш» фольклордук эстрадалык топ түзүлдү. Ушулар менин чыгармачылыкка баш байлаган обондорумду жумурай журтка жеткирди. Мындай ырчылар бар үчүн мен ырдаган эмесмин. Шакирттеримдин, санаалаштарымдын түрткүлөөсү менен 2004-жылдан тарта өзүм ырдап калдым. Өзүм 20дай ырымды ырдап жүрөм.

- Кайсыл акындар менен иштешесиз?

- Өзүмдүн ырларымды, ырларга чыккан обондорду кошкондо 150дөй чыгарма болуп калды. Негизинен Н.Алымбеков, Э.Ибраев, Абдисатаров, Б.Карагулова, С.Стамбеков, А.Бегимкулова сыяктуу акындардын ырларына обон чыгарам.

- Арзыбек мырза, эми ырлардын каармандары боюнча айтып берсеңиз?

- Алгачкы жолу «Эне тилеги» деген ырга жараткан обонум ак сүтүн берип чоңойткон өз энеме арналган. «Туулган жерим», «Издерим калды сенде» деген ырлар өзүм өскөн Сузак районундагы Кызыл-Сеңир айылына багышталган. Негизинен менде сүйүү темасы басымдуу. Чыгармачыл адамдын сүйүп турганы жакшы, себеби көп чыгарма жаралат. Ыр каармандарына болгон жагымдуу учурларды, ашыктык сезимдерден толгонуп жаралган да. Каармандардын ысымдары сезимде эле кала берсин, алар да үй-бүлө күтүп калышкан. Негизи менин ырларымда 4-5 каарман бар, аларга экиден, бештен ырларды, обондорду жараттым. Арасынан бүгүнкү күнгө чейин далай обондорду жаратуудан чарчабаган кытайлык кыргыз кызы да бар.

- Сиз кытайлык кыргыз кызы Арзыгүлдүн ысымын көп жерде айтып жүрөсүз. Ал кызга болгон ашыктык сезимиңиз бар чыгар?

- Ооба, каармандардын ичинен Арзыгүл Турган кызына арнаган ырларым көп. 2004-жылдан эле менин ырымдын нугу кытайлык кыргыз кызына бурулган. Ондон ашуун ырлардын каарманы ошол.

25

- Чындап эле жүрөгүңүздү ээлеп алган го...

- Ооба (күлүп), ал кыз жүрөктө жашап калганы үчүн 2004-жылдан бери ошол кызга арнап көп ырларды жазып жүрөм. Сезимде жашап жүргөн каарман болду. Өкүнүч, арман менен жашап жүрөбүз. Экөөбүз турмуш куруп жашай албайбыз, ал көкүрөктө гана жашайт. Арзыгүл 2003-жылы менин чыгармачылыгымды сыйлай турганын, ырларымды аткарып жүргөнүн билдирип, Кытайдан өзүнүн ырдаган клиптерин кошуп, кат жазып салып жибериптир. Ошентип байланыш түзүлүп калды. Бийик жерде туруп ырдаган жери бар экен, түшүмдө ал экөөбүз ошол бийиктикте туруптурбуз. Ошондон улам «Түшүмө кирдиң түндө сен» деп ырдап чыктым. Тойлордо анын сүрөтүн көрсөтүп, ырдап жүрүп эл деле билди. Арзыгүл өзү да бул ырды Кытайда ырдап жүрдү. Кытайлык кыргыздар «ушул ырыңды Арзыгүл ырдагандан кийин 2-3 тепкичке көтөрүлдү» деп айтып жүрүштү. 2004-жылы бизге Кытай мамлекетинен чакыруу келип калды. Күйүп-жанган биздин чыгармачыл топ Кытайга барып, 27 күн жүрдүк. Биз Порт-Артур шаарында болдук. Арзыгүл Үрүмчү шаарында экен, бизге келгенге убактысы болгон жок. Айрымдары намысы жол бербей жатат окшойт дешти. Ал жакта Нуртокто Дубаналы деген акын жигит бар. Бир күнү «Өмүрлөш болсоң кара жан» деген ырын көтөрүп келиптир, ага обон жараттым, ага да келген жок. Андан кийин ал жигит «Таарындым сага бул ирет» деп ыр жазды, ага да обон жаратып, ошентип таарынып келе бердим. Анын да иши бар да. Кийин байланышып жүрдүк.

2008-жылы ал кайрадан Кытайга бизди чакырды, бирок бара алган жокпуз. 2010-жылы май, июнь айларына аларды чакырып жатканымда бизде кайгылуу кырдаал болуп кетти. Ошентип жүрүп 2011-жылы Кыргызстанга биринчи жолу Арзыгүл келди. Жалал-Абад, Ош шаарларында биргеликте концерт койдук. 2012-жылы 60 жашка толгонумда чакырсам келди. Анда да чоң программадагы концертти элге тартууладык. Өзүмдүн үйүмдө жүрдү, жубайым чыгармачыл адам катары мени туура түшүнөт. Чыгармачыл адам сүйүп турбаса күчтүү, элге жеткиликтүү чыгарма жаралбайт. Жубайым «ашык болсоң бол, бирок кетип калба» дейт. Үй-бүлөм, балдарым, неберелерим бар. Эки мамлекеттин жашоосу эки башка, менталитетибиз башка эмеспи. Ошондой эле, ал менден 25 жашка кичүү, үй-бүлө күтө элек бойдок кыз, менин жашым болсо 65ти таяп калды.

70

- Ал кыз сизге турмушка чыгууга макул болуп калса кандай кадамга барасыз?

- Бул нерсе жашоодо чындыкка айланышы кыйын. Ага деле балким жагаттырмын, ким билет. Өткөндө байланышып, «түшүмдө жаңы пальто кийип алыптырсыз» деди. Анын түшүнө кире баштасам, эми башка нукка бурулат окшойт го деп жүрөмүн. Арзыгүл менде көңүлү болуп, турмуш курууга макул болсо балким Кытайга барып, жашоого деле макул болсом керек. Албетте, үй-бүлөмдү калтырбайм, аларды кем кылбай, каралашып турмакмын да. Экөөбүздүн жашыбыз тең өйдөлөп жатат. Арзыгүл биринчи келгенде да көбү үйлөнүп албайсыңбы дегендер болду, мен тамаша иретинде «баары али алдыда» деп күлүп коюп жүрөм. Канчалык алоолонуп күйүп, өрттөнгөн сайын жакшы чыгармалар жаралат. Бул кыз менин чыгармачылымды байыткан инсан болуп кала берет.

- Биздин жигиттердин бирөөсүнө турмушка чыгып калса кантесиз?

- Мен ашык болуп жүрсөм, башкасы алып алса кандай болот? Анда мен кантип жашайм (күлүп)? Багы ачылып калса жакшы, бирок менин айылыма эмес, биздин облуста дагы болбошу керек. Биздин турмуш шартка көнөбү, маселе ошондо болууда. Ал мени чыгармачыл адам катары тааныйт. Быйыл 65 жашымды белгилеп, чоң программадагы концерт коюуну пландап жатам. Арзыгүл мүмкүнчүлүгү болсо келе турганын айтууда.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×