Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Жалал-Абад

Жалал-Абадда өкүлдүн кубогуна арналган алыш күрөш мелдешинин жеңүүчүлөрү сыйланды (фото)

Turmush -  Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн кубогуна арналган алыш күрөш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Мелдеште 1-3-орунду ээлеген Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын окуучуларын райондун акими жана Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы куттуктады. З0 кг салмактагы спортчулар арасында 1-орунду ээлеген Кутман Жамытов 5000 сом акчалай сыйлык жана медаль, диплом менен сыйланды.

Мындан сырткары, 40, 50, 60 кг салмактагы спортчулар арасында 3-орунга ээ болгон Шумкар Асанов, Нурканат Кайыпбердиев, Кулумбетов жана Абдыгапар уулу Нуржигит 1000 сом акчалай сыйлык жана медаль, дипломдор менен сыйланышты.

Аталган мелдеш Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналып уюштурулган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1024
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×