Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 01.03.2017 08:44

Айыл турмушу: Базар-коргондук дыйкан 20 сотыхка сарымсак өстүрүп, 2 тонна түшүм алууну пландоодо (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айыл аймагынын тургуну Насыпжан Тургунов 20 сотых жерге 230 кг сарымсак өстүрүп, 2 тонна түшүм алууну пландоодо.

Н.Тургуновдун айтымында, айылда жазгы талаа жумуштары башталды. Быйыл эккен 230 кг сарымсактын килограммын 130 сомдон сатып алган.

«Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл 10-15 күнгө кеч айдап калдым. Өткөн жылы 20 сотых жерден 1500 кг сарымсак алып, килограммын 75 сомдон саткам. Быйыл 2 тонна түшүм алууну пландап жатам», - деди дыйкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×