Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Жалал-Абад

Жалал-абаддык балбан эркин күрөш боюнча республикалык мелдеште алтын медаль утту

Turmush -  Жалал-Абад облусунун балбандары эркин күрөш боюнча мелдештен байгелүү кайтышты. Бишкек шаарында Кожомкул атындагы спорт сарайында эркин күрөш боюнча чоңдор арасында өткөн мелдеште 75 кг салмак боюнча 1-орунду Музаффар Юнусов жеңип алып, Кыргыз Республикасынын чемпиону болду.

Спорт күйөрмандарынын белгилешинче, мындай жеңиш Жалал-Абад облусунан чыккан балбандар арасында акыркы беш жылдан бери боло элек болчу. Ошондой эле, ушул эле мелдеште жалал-абаддык балбан Ахрор Мадаминов 97 килограммдык салмакта коло медаль менен сыйланды.

Аталган эки спортчу тең Жалал-Абад шаарындагы И.Разаков атындагы олимпиадалык резерв мектебинин тарбиялануучулары. Спорт мектепти дүйнөнүн беш жолку чемпиону Чыңгыз Аканов жетектейт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1339
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×