Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кочкор-Атада өкмөттүн облустагы өкүлүнүн кубогуна арналган алыш күрөш боюнча мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Кечээ, 23-февралда Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында улуттук белбоо алыш күрөшү боюнча өкмөттүн облустагы өкүлүнүн кубогуна арналган ири республикалык мелдеш өттү.

Өкүлдүн басма сөз катчысынын маалыматына караганда, бул мелдеш 11 жаштан 17 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр арасында уюштурулду. Өкүлдүн кубогуна арналган бул ири мелдешке Талас облусунан жана республиканын бардык аймактарынан алыш күрөшү менен машыккан 687 жаш спортчулар катышты.

Мелдешке өкмөттүн алдындагы спорт агенттигинин өкүлдөрү Руслан Табалдиев жана Курманбек Хабибуллаев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев жана Кочкор-Ата шаарынын мэри Алтынбек Жумаев күбө болду. Балдар жана өспүрүмдөр арасында өтүп жаткан республикалык мелдештин башкы калысы, алыш күрөшү боюнча дүйнөнүн жана Азия оюндарынын бир нече жолку чемпиону Чыңгыз Аканов болду.

Мелдешке Баткен облусунан, Оштун Ноокат, Араван, Өзгөн, Кара-Суу райондорунан жана Жалал-Абад облусунун район-шаарларынан, Ош шаарынан, Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан келген командалар мыкты даярдыктарды көрсөтүштү. Жыйынтыгында Жалал-Абад шаарындагы Исхак Разаков атындагы олимпиадалык резерв мектебинин жана Ош шаарынын спорт мектебинин, Аксы, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунан келген командалардын мүчөлөрү байгелүү орундарды камсыз кылып, дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

«Ал эми алыш күрөш боюнча өкүлдүн кубогуна арналган чоңдор арасындагы республикалык мелдеш Аксы районунун Кербен шаарында өткөрүлөт. Мелдешти уюштуруп, өткөрүүнүн башкы максаты — улуттук белбоо алыш күрөшүнүн эл аралык кадыр-баркын жана маани-маңызын жана улуттук күрөштүн бул түрүнө болгон кызыгууну арттыруу болуп саналат», - деди Улуттук белбоо алыш федерациясынын башкы машыктыруучусу, эл аралык даражадагы калыс Жаныш Ташматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 824
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×