Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Жалал-Абад

Декреттик өргүүдөн кийин жеңил атлетика боюнча мелдешке түшкөн Г.Сатарова чемпион болду

Turmush -  Жалал-абаддык спортчу кыз Гүлшанай Сатарова жеңил атлетика боюнча Бишкек шаарында өткөн Кыргызстандын биринчилигинде чемпион аталды.

Анын машыктыруучусу Абдулла Төрөжановдун билдиргенине караганда, Г.Сатарова бул ирет 3000 метр аралыкка чуркоодо биринчиликти эч кимге берген жок.

Муну менен Г.Сатарова декреттик өргүүдөн кийин кайра мелдешке чыгып, төрт жолу чоң мелдештерди утуп алды. Ал буга чейин Алмата шаарында Россия Федерациясынын, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын жөө күлүктөрү катышкан жеңил атлетика мелдешинде да чемпион болгон.

Андан сырткары, Азиянын жеңил атлетика боюнча 2 жолку чемпиону, өзү ЖАМУну бүтүргөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1082
Көп окулду
×