Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 22.02.2017 13:30 На русском

Базар-Коргондун жаңы акими болуп А.Бегимкулов дайындалды (фото, өмүр баяны)

Turmush -  Жалал-Абаддагы Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп Бегимкулов Айбек Карыбекович дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Аким

Өмүр таржымалы

Бегимкулов Айбек Карыбекович

Туулган жылы — 1970-жыл

Туулган жери — Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылы

Билими

- 1987-1992-жылдары — Великолук айыл чарба институту, зоотехник адистиги (РФнын Великие Луки шаары);

- 2007-2010-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университети, экономист-менеджер адистиги;

Эмгек жолу

- 1992-1996-жылдары - Базар-Коргон районунун Мундуз колхозунда башкы зоотехник, зоотехник-селекционер;

- 1997-1999 жылдары - Базар-Коргон районунун Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо кызматынын адиси;

- 1999-2000-жылдары - Жалал-Абад облустук агродепартаментинин башкы директорунун жардамчысы;

- 2000-2001-жылдары - Жалал-Абад облустук «Зооветснаб» бирикмесинин директорунун орун басары;

- 2001-2002 - Базар-Коргон райондук администрациясында орто жана чакан ишкерчилик боюнча инспектор;

- 2002-2003-жылдары Базар-Коргон районунун агрардык департаментинин директорунун орун басары;

- 2003-2005-жылдары - Жалал-Абад облустук агрардык департаментинин директорунун орун басары;

- 2005-2006-жылдары - Жалал-Абад облустук администрациясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси;

- 2006-2010-жылдары — мамлекеттик ишканада насыя боюнча адис (Майлуу-Суу шаары), «Айыл Банктын» Ноокендеги филиалынын кассасынын башчысы;

- 2010-жылы — Базар-Коргон райондук кеңешинин төрагасы;

- 2010-2013- жылдары - «Айыл Банк» ААКнын Базар-Коргон районундагы өкүлчүлүгүнүн аймактык менеджери;

- 2013-жылдан бери «Айыл Банк» ААКтын Базар-Коргондогу филиалынын башчысы.

Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Өкмөт башчынын башка буйругу менен райондун мурунку акими Долдоев Таалайбек Анарбаевич кызматтан бошотулду. Т.Долдоев 2012-жылдын 27-апрелинде акимдик кызматты аркалап баштаган.

«Мен эмгек өргүүгө чыгып, андан кийин өз каалоом менен иштен кетүү боюнча арыз жаздым», - деди Т.Долдоев.

Т.Долдоев

ТД

Жаңы акимди жамаатка өкмөттүн облустагы өкүлү Кыянбек Сатылдиев тааныштырып, райондун мурунку жана жаңы жетекчисине ак чапан кийгизишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×