Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Фото - Ала-Букада үч райондун чабандестери көк бөрү боюнча мелдешке түштү

Turmush -  Кечээ, 21-февралда Ала-Бука районундагы Падек айылында жергиликтүү бийликтин уюштуруусунда көк бөрү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Мелдеш Ыйман, адеп жана маданият жылына карата улуттар аралык достукту чыңдоо жана улуттук оюндарды жайылтуу максатында өткөрүлдү. Мелдешке Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунан келген 300дөн ашуун чабандестер катышып, өз ара күч сынашты. Уюштуруучулар тарабынан жалпы 80 миң сомдук байге фонду түзүлгөн. Чабандестер арасында торпок улак тартуу өзгөчө кызыгууну жаратты.

Спорттук мелдешти райондун акими С.Акпаралиев жана Ак-Коргон айыл аймагынын башчысы Г.Фарманкулов ачып, оюнчуларга ийгилик каалашты.

Акимдин айтымында, быйыл райондун 80 жылдык мааракесин өткөрүү пландалып жатат. Мааракеде улуттук ат оюндары боюнча республикалык деңгээлде мелдештер өткөрүлө турганын белгиледи.

Көк бөрү боюнча мелдеште балбандар баалуу белектер менен сыйланып, оюнду улантуу үчүн эстафета Сары-Талаа айылына берилди. Кийинки мелдеш март айында уланат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1077
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×