Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 20.02.2017 18:02

Евробиримдик Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө бере турган 72 млн евронун 10 млн евросу Жалал-Абадга бөлүндү, - өкмөттүн өкүлү

Turmush -  Европа биримдиги Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө бере турган 72 миллион евронун 10 миллион евросу Жалал-Абад облусуна бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү К.Сатыбалдиев өлкө башчынын Европага жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул каражат Евробиримдиктин, өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө болуп, максаттуу пайдаланылат.

«Атайын багытталган каражат айылдарды таза суу менен камсыздоо багытына жумшалат. Каржылоочу булактан жакынкы күндөрү адистер келип, биз менен биримдикте таза сууга муктаж болгон айылдарга мониторинг жасашат. Бизде 64 айыл өкмөт, 420 айыл бар, дээрлигинде таза суу көйгөйү чечилбей келет. Адистер келгенден кийин камтылуучу айылдар белгилүү болот. Буюрса калкты ичүүчү суу менен камсыздоо багытында чоң иш аткарылат. Элди ичүүчү суу менен камсыздоо багытындагы кадам дубандардын ичинен Жалал-Абадга биринчилерден болуп ташталып, биринчи транш бизге бөлүнүп берилгени турат», - деди өкмөттүн өкүлү.

Ошондой эле, ал өлкө башчынын Бельгия, Германияга жасаган иш сапары жемиштүү болгонун, Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы негизги багыттар боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюлганын белгиледи.

Эске салсак, өлкө башчынын Европага болгон иш сапарын коштогон делегацияда өкмөттүн өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев да болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×