Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 20.02.2017 11:58

Кара-Көл шаарында «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» сынагы өттү (фото)

Turmush -  18-февралда Кара-Көл шаарында «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» сынагы өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ыйман, адеп жана маданият жылына жана 23-февраль  Мекенди коргоочулардын күнүнө карата өткөрүлгөн сынакка ырчы, комузчу, акын, сатирик мырзалардан турган «Аргымак» жана «Тулпар» командалары катышты. Анда мекен, эл-жерди даңазалаган ырлар, коомдогу жат көрүнүштөрдөн сценка аткарылып, кыргыз күүлөрү чертилди.

«Сынактын максаты кыргыз элине таандык ыр-күүлөрдү, көркөм өнөрлөрдү унутта калтырбай, кайра жаңы жашоо берип, кийинки муунга тартуулоо жана шаарыбыздагы өнөрлүү мырзаларды эл алдына алып чыгуу. Жаштарды ыйман, адеп-ахлакка тарбиялоо, руханий жан дүйнөсүн өстүрүү. Шаар элинин эстетикалык мүдөөсүн канааттандыруу, коомдун эс алуусун камсыздоо», - деп билдирди Энергетик маданият үйүнүн режиссеру, иш-чаранын уюштуруучусу Айнура Садабаева.

Жыйынтыгында «Тулпар» командасы 290 упай алса, «Аргымак» командасы 291 упай алып, жеңүүчү деп табылды. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар, грамоталар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×