Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 18.02.2017 16:10

Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы мугалимдердин ага карата дооматы объективдүү иликтенбей жатат деп эсептейт

Turmush -  Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Кожошованын үстүнөн шаардагы мектептердин мугалимдери даттанышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Күзөркан Таштанкулова тастыктады.

Маалыматка караганда, аталган дооматтарда Д.Кожошова кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, этиканы сактабастан жыйындарда мугалимдерди коркутуп, мазактаган, кемсинтип-шылдыңдаган мамилеси белгиленген. Жумушта сын-пикир айткан кызматчыга куугунтуктоо, психологиялык басым кылып, билим берүү мекемелерине кадрларды кабыл алууда директорлордун оюн чектеп, өзүм билемдике салгандыгы айтылган.

2016-жылдын 1-ноябрындагы М.Фрунзе атындагы орто мектептин директорунун кайрылуусунун негизинде, шаардык коллегияда билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Кожошовага айтылган дооматты иликтөө жүрүп, мындан ары ага кызматтык этиканы сактоо эскертилип, кайталанган учурда кызмат орду каралуусу белгиленген болчу. Бирок бүгүнкү күндө мектеп директорлорунан Д.Кожошовага карата чара көрүү боюнча каттар кайрадан келип түшкөн. Бул маселе боюнча шаардык мэрия тарабынан убактылуу комиссия түзүлүп, ал комиссия иштин чоо-жайын иликтеп, мектеп директорлорунан түшүнүк каттар алынып, Д.Кожошованын өзүнө тааныштырылган. Убактылуу комиссиянын чечими шаардык кеңештин Этика, мандат, регламент, дин иштери, идеология, укук маселелери боюнча комиссиясында каралып, жыйынтыгында бул маселе Билим берүү министирлигинде каралышы керектиги айтылган.

Ал эми Дамира Кожошова бул маселе август айынан бери объективдүү каралбай жаткандыгын билдирди.

«Жетекчи катары куугунтуктоого алынып келүүдөмүн. Буга чейин мектеп директорлору менен эриш-аркак колдон келишинче иштеп келүүдөбүз. Иштин кызыкчылыгы үчүн талап кылып, кээде чоң иш-чаралар болгондо, маселен мектептин, спорт зал, бала бакчанын ачылышы болуп, иш аябай көп болгон учурларда бир аз үнүмдүү жогорулатып, ишти талап кылып сүйлөгөн учурлар болот. Мамлекеттин ишин, окуу тарбия процесси ийгиликтүү болуш үчүн жалпы жамаат аракет кылуудабыз. Буга чейин өз ара чогулуп, жакшы иштешели деп, мен мектеп директорлорунан кечирим сураган элем. Негедир 3 ай өткөндөн кийин дагы маселе уланып жатканын объективдүү деп айта албайм. Мен кызмат ордуман кянаттык менен пайдаланган жокмун. Ар бир адамдын жакшы жана жаман жагы болот. Ачуум келгенде үнүмдү бир аз жогору чыгарып сүйлөө мага мүнөздүү. Аны да өзүм билем. Андай учурда кечирим сурап, кечиришебиз», - деди Кожошова.

(Дамира Кожошова)

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×