Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 15.02.2017 15:23

«Кыргыз телекомдун» Токтогулдагы имаратынын чатыры урап түштү

Turmush -  «Кыргыз телеком» ААКтын Токтогул районунун Үч-Терек айылында жайгашкан филиалынын чатыры калың жааган карды көтөрө албай урап түштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан материалдык чыгымдар такталууда.

Буга чейин Токтогул районунун Көтөрмө айылында калың жааган кардан №18 К.Чокоев атындагы орто мектептин чатыры ураганы кабарланган.

Мектептин чатыры

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×