Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.02.2017 13:04

Айыл турмушу: Жалал-абаддык Ж.Эрназаров мамлекеттик кызматтагы жумушун таштап, ишкерчилик кылуунун жолун тапты (фото)

Turmush -  Мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, акыркы жылдары күнөскана иштетүүнү колго алган Жеңишбек Эрназаров жеке ишкерчилик менен алектенүүдө. Ал көп жылдан берип күнөскана иштетүүгө кызыгып келген. Мындан 5 жыл мурда Ош тарапка атайын күнөсканаларды көрүү үчүн барып, дыйкандардын кеп-кеңешин укканда айрымдар түйшүгү көп экенин айтышкан.

«Жалал-Абад шаарында күнөскана иштеткен аяш иним мага шык берип, колдоп, жол көрсөттү. Ошентип, 3 жыл мурда 4 сотых жерге күнөскана куруп, жылына эки жолу жашылча өстүрүп, киреше алып жатам», - дейт ал.

Ал белгилегендей, күнөскана куруудан мурда өстүрүлө турган жашылча-жемишти аныктап алуу зарыл.

«Жерди пайдалануунун алдында эмне өстүрө турганын аныктап алуу керек. Муну мен өз тажрыйбама таянып айтып жатам. Мен күнөскана куруп алып, кийин кемчиликтери көрүнө баштаганда адистер жардам беришти. Ошондуктан күнөскана иштетүү үчүн тажрыйбалуу адистин да кеп-кеңешин сөзсүз алуу керек. Эки жыл дегенде ишти жолго койдум», - дейт дыйкан.

Ж.Эрназаров негизинен помидор, бадыраң эгет. Азыр өсүп турган помидорду август айында эккен. Быйыл түшүмдү мол алды. Учурда помидорду жумасына бир жолу терип жатат. Ар бир тергенде 150 килограммдын тегерегинде түшүм берип, 1 кг 120, 130 сомдон сатып өткөрүүдө.


 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×