Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.02.2017 10:46 На русском

Айыл турмушу: Кара-көлдүк А.Макушов комуз чаап, ар бирин 5 миң сомдон сатат (видео)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 42 жаштагы тургуну Арстаналы Макушов жайкысын үйлөрдү евроремонттоп, кышкысын комуз чабуу менен алектенет. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Өзүнүн айтымында комуздарды акыркы 2 жылдан бери жасап баштады.

«Бул өнөр менин канымда бар. Чоң атам Мамасалы өрүктөн комуз чабат эле. Бала кезимден анын комуз жасаганын көрүп, «балам чоңойгондо сен да мага окшоп комуз чабасың» деген сөзүн угуп чоңойдум. Чоң атамдын заманында комузду теше менен чабат эле. Чыныгы кол эмгекти талап кылып, көзүнүн майы короочу. Ал чапкан комуздар өтө сындуу эмес эле. Анткени ал кезде азыркыдай инструменттин түрү жок. Маселен мен чапкан комуздар чоң атамдыкынан сындуу, сулуу чыгат. Себеби мен комуз жасоодо инструменттин түрүн колдоном. Ал эми чоң атам бир гана теше менен чаап бүтүрөт эле. Чоң атам комуздан башка ат жабдыктарын жана идиш-аяктан чөмүч, кашык өңдүү буюмдарды жасачу. Мен да көңүлүм келгенде кашык, чөмүч, ат жабдыктарын жасайм», - деди ал.

Уста комуз жасалчу өрүк, жаңгак дарактарды атайын сатып алат.

«Комуз жасоого материалды бирөөлөр өрүк же жаңгак кыйса, соодалашып сатып алам. Маселен 10 даана комуз чыга турган жаңгакты 4 миң сомго сатып келем. Былтыр 17 комуз чабып, 13 даанасын ар бирин 5 миң сомдон саттым. Төртөөсүн туугандага белекке бердим. Былтыр 60 миң сомдой киреше көрдүм. Быйыл дагы 10 ашык комуз жасадым. Буюрутма бергендер бар.

Чапкан комуздарымды шаарга белгилүү комузчу Бекболсун Бабакановго ойнотуп сынатам. Ал жаңы жасалган комуздарда кол ойнотуп, баасын берет. Айтылган сынга жараша жаңы чабылган комуздун кемчиликтерин оңдоп-түзөйм. Бир күн кечке башка ишим болбосо, бир комузду чабып, капкактарын тагып бүтөрүп кое алам. Экинчи, үчүнчү күнү сырдап, полировкалайм. Эң көп убакытымды тепке жана комуздун кулактарын жасоо, кооздоо, сырдоо иштери алат», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле комузду башкалардан айрымаланып башы менен мойнун бир чабып, чыгара тургандыгын кошумчалады.

«Башка комуз усталардан айырмаланып комуздун мойну менен башын чогуу чабам. Башкалар мойнун бөлөк, башын бөлөк чабышканын көрөм.
Өзүм комуз ойнойм. Атайын музыкалык билимим жок. Үй-бүлөбүздө балдарым комузга кызыгышат. Бирок бири да ойногонду билбейт. Кээде мени ырдатып калышат», - деди Макушов.

Уста үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×