Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 07.02.2017 19:15

Айыл турмушу: Кара-көлдүк С.Телтаева мырзалардын майрамына карата байпактардан белек даярдады (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 31 жаштагы тургуну Самара Телтаева 14-февраль — Сүйүү күнү жана 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата оригиналдуу белектерди жасап, сатыкка чыгарууда.

С.Телтаеванын айтымында, Сүйүү күнүн мусулмандар майрамдабайт делгени менен акыркы жылдары жаштар арасында бул майрам кеңири белгиленип келет.

«Сүйүү дегенде эки жаштын бири-бирине болгон сезимин, арзуусун түшүнөбүз. Бирок, ата-энеге, мекенге, эненин балага, бир тууганга болгон сүйүүсү дагы бар. Сүйүү майрамында жакшы көргөн жакын адамдарыбызды куттуктап, таттуулардан жасалган букеттерди берсек болот. Таттуу букеттердин ар бирин жасоого 300 сомдук материал сарптадым.

Мындан тышкары, мырзалардын майрамына карата дагы байпактан өзгөчө белек жасоо идеясы пайда болду. Мындан улам байпактардан букет жасап, идеяны ишке ашырдым», - деди С.Телтаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×