Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Баткен

Адистин кеңеши: Сарык оорусунан кантип сактануу керек?

Turmush -  Сарык оорусун алдын алуу үчүн эмне кылуу керек? Андан айыгуу үчүн кандай аракеттерди көрүү зарыл. Бул суроолорго Баткен облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Каныгүл Жороева жооп берди.

Анын айтымында, сарык оорусунун 5 түрү болот. Алар вирустуу гепатит А, Е, В, С, Дельта болуп бөлүнөт.

А, Е вирустуу гепатити идиш-аяк, жаш балдардын оюнчуктары аркылуу, адам менен адам көрүшкөн учурларда жугат. А вирустуу гепатиттин өзүнө гана тиешелүү белгиси – бул теринин сары болушу жана көздүн агынын саргайышы, зааранын түсүнүн кочкул болуп өзгөрүшү. Е вирустуу гепатит көбүнчө кош бойлуу аялдар үчүн кооптуу.

Ал эми В, С, Дельта вирустуу гепатит кан аркылуу жугуучу оорулар. Эненин кош бойлуу учурунда баласына жугуп калышы мүмкүн же хирургия, стоматологияларда инструменттер аркылуу жугушу мүмкүн.

Ошондой эле сарык оорусу өрчүшү боюнча да өзүнчө убакыттарга бөлүнөт.

Биринчи вирус организмге кирип отурганга чейинки убакыт. Мында жуктурган адамдын оорусуна, иммунитетине байланыштуу болуп, А, Е вирустары орто эсеп менен 15-20 күнгө чейин болот.

Экинчи сарыкка чейинки убакыт 10-15 күн. Бул убакытта вирустар көп бөлүнүп чыгып, башка адамдарга жугат.

Үчүнчү сарык убагы.

Төртүнчү айыгуу убагы. Адам сакайып вирустар өлүп, жакшы болуп кеткен убагы.

- Ооруну кантип алдын алуу керек?

- Ооруну алдын алуу үчүн алгач өздүк гигиенаны сактоо керек. Дени соо адамдарга оору кир колдор, вирус алып жүрүүчүлөр, булганган тамак-аштар, тиричиликте колдонулган ар кандай буюм-тайымдар аркылуу жугат. Таза жуулбаган идиштер, балдардын оюнчуктары, жашылча-жемиштер жана термикалык жактан (кайнатуу-бышыруу) кайра иштетилбеген тамак-аш азыктары ооруну жугузуу булагы болуп саналат. Ооруну жуктуруп албайын десек, анда жогорудагы айтылган нерселерди таза колдонуу абзел.

Эгер үй-бүлөдө сарык оорусу менен ооруган адам бар болсо, бейтаптын буюм-тайымдарын, идиш-аяктарын 30 күнгө чейин хлорамин менен жууп туруу керек.

- Сарык оорусунан кантип айыгууга болот?

- Оорунун жеңил түрүндө үйдө эле дарылануу сунуш кылынат. Өзүнчө бөлмөдө төшөктө жатуу режими, сүттүү жана жашылча жемиштүү диета кармап, көп суу ичүү зарыл. Куурулган, ышталган, маринаддалган тамак-аштарды тизмеден чыгаруу керек. 6 айга чейин оор кыймыл аракеттерди азайтуу зарыл. Эгер бейтап буларды аткара билсе, анда сакайып кете алат. Оорунун оор түрүндө ооруса анда сөзсүз түрдө ооруканага жатып дарылануусу керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6340
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×