Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуТоктогул району 06.02.2017 12:45 На русском

Т.Жайылов Токтогулдагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 3-жолу шайланды

Turmush -  Токтогул районундагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Таалайбек Жайылов шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, Т.Жайылов аталган кызматка айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясында шайланды. Ал айыл өкмөттүн башчылыгына жалгыз талапкер болуп катталган. Шайлоого 11 депутат катышып, жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында эл өкүлөрү Т.Жайыловду бир добуштан колдоду.

Т.Жайылов муну менен 3-мөөнөткө Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы болду. Ал жогорку билимдүү, Ооган согушунун ардагери. Үй-бүлөлүү, 3 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×