Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.02.2017 12:00 На русском

Жалал-Абад шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлүп, курамына КСДП да кирди (фото, видео)

Turmush -  Жалал-Абад шаардык кеңешинде жаңы «Ынтымак» коалициясы түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда 3 партиянын өкүлдөрү маалымат жыйында билдиришти.

Маалыматка караганда, анын курамына КСДП, «Кыргызстан» жана «Республика — Ата Журт» фракциялары кирди. Коалициянын лидери болуп Сайдилла Чимбердиев шайланган. Коалициянын курамына 18 депутат кирген. 13-февралда биринчи сессия болоору күтүлүүдө. Сессиянын күн тартибинде жаңы «Ынтымак» коалициясы түзүлгөнүн расмий жарыялап, шаардык кеңештин төрагасын, анын орун басарларын шайлашат. Жыйынга оппозицияда калган «Өнүгүү-Прогресс», «Ата Журт» партияларынын депутаттары да катышуусу күтүлүүдө.

Коалициянын лидери С.Чымбердиевдин айтымында, жаңы түзүлгөн «Ынтымак» коалициясы мэрликке кайрадан Салайдин Авазовдун талапкерлигин көрсөтүшөт.

 

Буга чейин маалымдалгандай, 12-январда Жалал-Абад шаардык кеңешинин 7-чакырылышынын биринчи сессиясы өтүп, анда «Биримдик» коалициясы түзүлгөнү жарыяланган. Анын курамына «Өнүгүү-Прогресс», «Республика — Ата Журт», «Ата Журт» партиялары кирип, КСДП жана «Кыргызстан» партиясы оппозицияда калган.

«Биримдик» коалициясынын лидери болуп «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Майрамбек Адылбеков шайланган. Анын талапкерлигин коалициянын курамына кирген партиялардын депутаттары жактырышкан эле.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, 27-январда коалициядан «Республика — Ата-Журт» фракциясы чыгып, «Биримдик» көпчүлүк коалициясы тараган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

05.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин жаңы курамы (фамилиялар)
05.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин жаңы курамы 12-январда алгачкы сессияга чогулат
12.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин жаңы депутаттары 1-сессияга 50 мүнөт кечигишти (толукталды, фото)
15.01.2017КСДП менен «Кыргызстан» Жалал-Абад шаардык кеңештин биринчи отурумунун мыйзамдуулугун карап берүү үчүн сотко кайрылышты (фото, видео)
16.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин сессиясы сот чечими чыкканына байланыштуу болбой калды
16.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин жаңы коалициясы соттун чечимине апелляциялык даттануу келтирет
27.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги «Биримдик» көпчүлүк коалициясы тарады
13.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин 1-сессиясын эки фракциянын лидерлери легитимсиз деп билдиришти
12.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин 1-сессиясына келбеген депутаттар мандаттарын түштөн кийин алышты
12.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңеште жаңы коалиция түзүлүп, 2 партия оппозицияда калды (фото, видео)
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×