Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 03.02.2017 10:58 На русском

Жалал-абаддык кыздар жеңил атлетика боюнча эл аралык турнирде чемпион болушту

Turmush -  Жалал-абаддык кыздар жеңил атлетика боюнча эл аралык турнирде чемпион болуп келишти. Азия оюндарынын эки жолку чемпиону, КРнын бир нече жолку чемпиону Гүлшанай Сатарова менен Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинин алдындагы колледждин студенти Алена Первушина Бишкек шаарында 31-январда женил атлетика боюнча өткөн эл аралык турнирде жеңишке ээ болушту. Бул тууралуу спортчу кыздардын күйөрмандары билдиришти.

Гүлшанай Сатарова 1000 метр аралыкка чуркоо жагынан башка атаандаш кыздарды озуп өтүп, маара сызыгына биринчи келди. Ал эми Алена Первушина 800 метр аралыкка чуркоо жагынан жаштар арасында 1-орунду жеңип алып, эл аралык турнирдин чемпиону болуп аталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×