Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кербен 02.02.2017 14:23 На русском

Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевдин өмүр баяны

Turmush -  Нарматалы Эсеналиев 31-январда Кербен шаарынын мэри болуп шайланган. Добуш берүүнүн жыйынтыгында шаардык кеңештеги 31 депутаттын 18и Н.Эсеналиевге колдоо көрсөткөн.

Өмүр баяны:

Туулган жылы — 1964-жыл

Туулган жери - Кербен шаары

Билими

- 1981-жылы Кербен шаарындагы мектепти аяктаган;

- Фрунзе шаарындагы автомобиль, жол техникумунда техник-механик адистиги боюнча окуган;

- 2015-жылы Таш-Көмүр шаардык инженердик педагогикалык институтун бүтүргөн;

Эмгек жолу:

- 1986-2009-жылдары Караван авто базасында айдоочу;

- 2009-2010-жылдары Күлүк-Дөбө дыйкан чарбасында айдоочу;

- 2010-2013-жылы Кербен шаардык мэриясында адис;

- 2013-2016-жылдары Кербен шаардык мэриясынын башкы адиси;

Үй-бүлөлүү, 2 уул, 3 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×