При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-май
67.92    75.84    1.2    KZT 0.22

Кочкор-Атанын экс-мэрин ак боз ат менен узатышты (фото, видео)

Turmush -  Кочкор-Ата шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Эгембердиевди ак боз ат менен узатышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Кечээ, 31-январда Кочкор-Ата шаарында мэрди шайлоо болуп, анда КСДП партиясынан талапкерлигин койгон А.Жумаев 20 депутаттын колдоосу менен мэр болуп шайланды.

Жаңы шайланган мэр Алтынбек Жумаев 1979-жылы Кочкор-Ата шаарында төрөлгөн. Билими: Жалал-Абад укук, бизнес жана компьютердик технологиялар институтунун Юриспруденция факультетинде 2003-2007-жылдары окуп, юрист адистигин бүтүргөн.

Эмгек тажырыйбасы: 1999-2003-жылдары «Кубатбек» айыл чарбасында, 2003-2006-жылдары Жалал-Абад шаарындагы «Кон» корпорациясында айдоочу-күзөтчү болуп иштеген. 2006-2012-жылга чейин жеке ишкердик менен алектенип жүргөн. Ал эми 2013-жылдан тарта Кочкор-Ата шаарындагы «Тазалык» жашылдандыруу, көрктөндүрүү, санитардык тазалоо комбинатын жетектеп келген.

36

Шайлоо бүткөндөн кийин жаңы шайланган мэр, Ноокен районунун акиминин орун басары жана жергиликтүү тургундар экс-мэр К.Эгембердиевге ак боз ат мингизип узатышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2404
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×