Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кербен шаарынын мэри болуп Н.Эсеналиев шайланды

Turmush -  Кербен шаарынын мэри болуп Нарматалы Эсеналиев шайланды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Бүгүн, 31-январда шайлоо өтүп, мэрликке 2 талапкер ат салышты. Жыйынтыгында КСДП партиясынын өкүлү Нарматалы Эсеналиев 18 добуш алса, анын атаандашы «Республика» партиясынын өкүлү Жеңиш Өмүралиев 13 добушка ээ болду. Кербен шаардык кеңешинде 31 депутат бар.

Н.Эсеналиев буга чейин шаардык мэриянын жер боюнча жетектөөчү адиси болуп иштеп келген.

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2953
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×