При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Алтынбек Жумаев Кочкор-Ата шаарынын мэри болду

Turmush -  Кочкор-Ата шаарынын мэри болуп Алтынбек Жумаев шайланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Шайлоо бүгүн, 31-январда өтүп, ага шаардык кеңештин депутаттары активдүү катышты. Шайлоонун жыйынтыгы менен жалгыз талапкер — КСДП партиясынын өкүлү Алтынбек Жумаев 20 добуш менен шаардын мэри болуп шайланды.

Мэрди шайлоого Ноокен райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Каныбек Камбаралиев, экс-мэр Кубаныч Эгембердиев, райондук аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Сардарбек Турдалиев катышты.

А.Жумаев буга чейин «Тазалык» ишканасынын жашылдандыруу, көрктөндүрүү, санитардык тазалоо комбинатынын жетекчиси болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2686
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×