При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Крим чөйрөдөгү адамдар ок атып, уулумдун эки көзү көрбөй калды, Германиядагы операцияга акча жетпей жатат, - апасы Н.Токталиева (фото)

Turmush -  Кочкор-Ата шаарында жаңы жыл түнү 2 адамдын ок атышуусунан улам 24 жаштагы Темирбектин эки көзү көрбөй калды. Бул тууралуу Темирбектин апасы Назикан Токталиева Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

Анын айтымында, 2016-жылдын 31-декабрына караган түнү Кочкор-Ата шаарындагы маданият үйүнүн алдында анын 24 жаштагы уулу Жумашов Темирбек менен «Субару-Легаси» үлгүсүндөгү унаадагы белгисиз 4 адам кайым айтыша кеткен. Унаанын ичинен 30-35 жаштагы адам травматикалык тапанчасы менен Темирбектин бетине ок атып, анын жанында турган досу да жараат алган. Темирбекти оор абалда достору Кочкор-Ата шаардык ооруканасына жеткиришкен. Ошол күнкү окуядан Темирбектин жарык сезүү органы өчүп, эки көзү тең көрбөй калган.

Н.Токталиева уулунун көзүн дарылоо үчүн Бишкек шаарына, андан соң Россияга чейин алып барганын айтты.

«Болгон күчүбүздү жумшап жатабыз, Москвада өтө күчтүү деп айтылган 7-8 профессорго көрсөттүк, жыйынтык болгон жок. Көз доктурлардын кеңеши менен уулумдун көзү боюнча анализдерин Германияга интернет аркылуу жөнөттүк. Германиядагы дарыгерлер менен сүйлөшүү жүрүүдө, операциянын өзүнө эле 2 миллион сомдон ашуун акча керектелет экен. Ал жакка баруу үчүн 2 адамдын чыгымын эсептегенде 3 миллион сомдон ашып кетет. Москвага чейин өз каражатыбыз менен көрсөттүк, Германияга барууга чамабыз жетпей турат. Балам түнү же күндүзү уктабайт, ойлонуп жүрөгү эзилет. «Апа, ушинтип эле көзүм көрбөй калабы» деп кейиген сайын жанымды коёрго жер таппай калып жатам. 10 күн тамак ичпей койду, эми деле табити жок. Көп ойлонгондуктан уйкусу жок, дары ичип, араң уктап жатат. Ок аткандар болсо крим чөйрөдө жүргөн адамдар экени айтылууда. Алар кармалды деп жатышат. Эч кандай деле каражат беришкен жок. Баламдын көзү болсо көрбөй калды», - деди ал.

Темирбек 4 бир туугандын кенжеси. Үй-бүлөлүү, кызы 1,5 жашта. Ал мектепте жана жогорку окуу жайда жакшы окуп, ийгиликтүү бүтүргөн. Кесиби бухгалтер-экономист. Өз кесиби менен Кочкор-Атадагы «Кыргызнефтегаз» ААКда кассир болуп иштеген. Аталган мекемеден жумуштан чыгып, Москвада иштеп жүргөн. Учурда Германияга барып, операция жасатуу үчүн бир тууган агасы документтерин даярдап жатат. Германияда жасалуучу операцияга каражат жетпегендиктен бул үй-бүлө коомчулуктан жардам сурайт. Н.Токталиева баласынын тагдырына кайдыгер карабаган, боорукер адамдардын колдоосун күтөт.

Темирбектин жубайынын айтымында, ок чыгарган адам менен жолдошунун ортосунда пикир келишпестик болгон эмес. Анын 1-2 досу ок чыгарган адам менен кайым айтыша кетип, тарап кетишкен.

«Уруша кетишкенден кийин достору жолдошума келип маданият үйү тарапка жеткирип коюу керектигин айтышкан. Ал тарапта достору менен сүйлөшүп турушканда мурда айтыша кеткен адам унаадан түшүп, аларга ок аткан. Ал жерде турган досторунун баары жерге жата калышкан, жолдошум окуяны түшүнбөй артына бурулганда ок анын бетине тийген. Курал кармаган адам менен эч кандай кайым айтышуу болгон эмес жана мурун дагы көргөн эмес экен», - деди ал.

Милициядан маалым болгондой, окуяга шектүү катары 2 адам кармалып, Ноокен РИИБде убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кармалгандардын бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү. Экөө тең мурда соттолуп чыгышкан. Бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Милициянын маалыматына караганда, окуя 1-январда саат 00:30 чамасында болгон. Кочкор-Ата шаарындагы маданият үйүнүн алдында Ноокен районунун Момбеков айыл аймагынын 1993-жылы туулган тургуну Жумашов Темирбек «Субару-Легаси» үлгүсүндөгү унаадагы белгисиз төрт адам менен уруша кеткен. Андан улам унаанын ичинен 30-35 жаштардагы адамдар түшүп, алардын бири Т.Жумашовдун бетине ок атып жиберген. Жабырлануучунун жанында турган Ноокен районунун Момбеков айыл аймагынын 1992-жылы туулган тургуну Азалиев Кыязбек да жараат алган.

Окуядан кийин Т.Жумашов бетине жана курсагына алган жараатынан улам Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жолдоштору тарабынан жеткирилген. Ал эми К.Азалиев башынан жеңил жараат алгандыктан ооруканага кайрылган эмес. Окуя болгон жерге Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барып, асфальттын үстүнөн канга окшош тактар алынган.

Т.Жумашовдун, К.Азалиевдин алган жарааттарын аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлгөн. Аталган факт боюнча ыкчам иликтөө иштеринин негизинде «Субару-Легаси» үлгүсүндөгү унаанын ээси аныкталган. Ал Кочкор-Ата шаарынын 1983-жылы туулган П.С. аттуу тургунуна таандык экендиги тастыкталган.

Ошондой эле, ыкчам иликтөө иштеринин негизинде изи сууй электе кылмышка шектүү катары 3 адам кармалды. Алар Кочкор-Ата шаарынын 35-40 жаштардагы тургундары жана алардын бары буга чейин соттолгону белгилүү болду.

 2

Жардам берүү үчүн байланыш телефондору:

Жумашов Темирбек Камытжанович

№ эсеп— 1190082000559910 («БТА Банк» ЖАК)

Байланыш номурлар — (0778) 41 85 16, (0776) 20 22 00.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2340
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу