При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Кочкор-Ата шаарында 1,7 млн сомго милициянын аймактык пункту ачылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 28-январда Кочкор-Ата шаарындагы Луговая тилкесинде милициянын аймактык пункту ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аймактык пунктун ачылышына Жогорку Кеңештин депутаты П.Шайназаров, өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, ИИМдин жетекчисинин орун басары Курсан Асанов,  Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков, Кочкор-Ата шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мирлан Жолдошов катышты. Бийлик өкүлдөрү мындай пункттарды ачуу кылмыштуулуктун алдын алууга, кылмыштын бетин ачууга өбөлгө болоорун белгилешти.

«Кылмыштуулуктун бетин ачууга терең ишенем. Эң негизгиси мындай заманбап пункттардын ачылышы эл менен жакын болууга, элдин ишенимин актоого шарт түзөт», - деди К.Асанов. 

Имаратты курууга Кочкор-Ата шаарынын бюджетинен 1 млн 700 миң сом каражат бөлүнгөн. Жарыяланган тендерди «Кочкор-Ата айыл курулуш» ААКсы утуп чыгып, курулуш иштери 2016-жылдын сентябрь айында башталган. Ал эми, аймактык пунктка жаңы эмеректер менен компьютерлерди ОИИБ менен РИИБ биргеликте алып берди. Эми аталган пункт 8 миңден ашуун адамга кызмат кылат.

Муну менен облус аймагында жаңы ачылган милициянын аймактык пункту 67ге жетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5818
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×