При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Кербендеги билим берүү мекемелерине 708 миң сомдук эмеректер тапшырылды

Turmush -  Кербен шаарындагы «Бүчүр» бала бакчасына жана Б.Омушова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмуна швейцариялык банктын долбоору менен 708 миң 885 миң сомго эмеректер алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Изат Калыкова билдирди.

«Жакында Аксы районунда жакшы саамалык болду. Райондук дарыгерлер тобундагы ден соолукту чыңдоочу борбордун жетекчиси Наркулова Айнура Швейцариядагы банкка долбоор жазып, Кербен шаарындагы «Бүчүр» бала бакчасына 408 миң 270 сомдук эмеректерди, оюнчуктарды, идиш-аяктарды жана Б.Омушова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмуна 300 миң 615 сомдук эмеректерди, оюнчуктарды, сыналгы, тамак бышыруучу плита, кир жуугуч машина алып келип салтанаттуу түрдө тапшырды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3505
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу