Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 24.01.2017 15:32

Базар-Коргондун Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп К.Акматкулов шайланды

Turmush -  Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Кадырбек Акматкулов шайланды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Шайлоого 21 депутаттын 20сы катышып, Кадырбек Акматкуловду кайрадан айыл өкмөттүн башчысы кылып шайлап алышты.

К.Акматкулов 2008-жылы ОшМУну аяктаган, кесиби боюнча юрист. Окуусун аяктаган соң, Базар-Коргон райондук сотто 1 жыл катчы болуп иштеп, андан кийин Базар-Коргон РЭСте 4 жыл эмгектенген. Быйыл ал Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 2-жолу шайланууда.

Үй-бүлөдө 7 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×