Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 24.01.2017 18:25

Айыл турмушу: Ала-букалык У.Адылбеков уйдун жана тоок кыгынын аралашмасынан биогаз өндүрдү (видео)

Turmush -  Ала-Бука районундагы Сары-Талаа айылынын 31-жаштагы тургуну Улукбек Адылбеков уйдун жана тоок кыгынын аралашмасынан биогаз жасап, аны сыноодон ийгиликтүү өткөрдү.

Ал көптөн бери биогаз жасап, күнүмдүк жашоодо пайдаланууну ойлоп жүргөнүн Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

«Негизи адам баласы бардык нерселерди муктаждыктан жасайт. Биогаз чыгаруу менен күнүмдүк жашоодогу отундун керектелүүсүн азайтууну ойлодум. Газ менен тамак-аш бышыруу ыңгайлуу да болот. Бир күнү сыналгыдан Россиядагы айылдардын биринде биогаз чыгарган киши жөнүндө баянды көрүп калып, мен дагы аны чыгарууну ойлондум. Биогаз чыгаруу боюнча маалыматтарды чогулттум. Негизинен биогазды жалбырактардын чириндисинен, картошканын кабыгын ачытуу менен жана мал, тооктордун кыгынан чыгарса болот экен.

Мен уйдун жана тооктун кыгын тандап алдым. Алгач көлөмү 40 литр болгон аристондун темир идишин таап, ага жылуу суу куйдумда уйдун жана тооктун кыгын аралаштырып, көп толтурбай салып, оозун бекитип жыйырма күндөй ысык бөлмөгө коюп койдум. Күн сайын аралаштырып турдум. Газ даяр болгондо тийиштүү жерлерге желим түтүктөрдү уладым. Чыккан газды филтирлеп тазалоо үчүн суу коюлган желим идишке тапшырылды. Газ суу аркылуу филтирленип, атайын коюлган желим баштыка топтолот. Желим баштыктагы газды чыгарып колдосо боло берет. Алгачкы чыгарган биогаз бир чайды кайнатууга жетти. Буюрса жазга карата чоң көлөмдө газ чыгарууну пландап жатам. Анын чыгымдарын да эсептеп койдум. Болжол менен 2 тонналык кык ачытуучу жайды жасоого 20 миң сом керектелет. Ошондо бир жолку ачытуудан 700-800 куб биогаз чыгат. Биогаз жаратылыш газына караганда коопсуз. Бирок, бир кемчилиги бар. Анын жалыны жаратылыш газына караганда күчсүз. Бирок, тамак-аш бышырганга жарайт», - деди ал.

У.Адылбеков биогаз чыгарууда коопсуздук эрежелерин так сактоо менен жасоо керектигин кошумчалады. Ошондой эле, ачытма жасалган идиш ар дайым ысык темпратурада болушу керектигин айтып өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×