Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 24.01.2017 10:49 На русском

Фото - Кочкор-Атанын тургуну көк бөрү мелдешин өткөрүп, баш байгеге төө, топоз, тай койду

Turmush -  Кочкор-Ата шаарынын тургуну Жаныбек Калмуратов 21-январда 2 уулуна элден бата алуу максатында көк бөрү оюну боюнча чоң мелдеш уюштурду, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жергиликтүү тургун мелдештин баш байгесине 1 төө, 1 топоз койду. Мындан тышкары, 4 баш тай, 10 баш кой, эчки жана 100 миң сом акчалай байге коюлду.

Көк бөрү боюнча мелдешке Жалал-Абад облусунун аймактарынан келген улакчылар катышты. Мелдештин жыйынтыгында баш байгеге жергиликтүү тургун Жаныбек Карабаев ээ болуп, 1 баш төөнү утуп алды. Андан сырткары кой-эчки, акчалай сыйлыктарды мыкты ойногон улакчыларга тапшырылды. Жалпысынан бул иш-чарага 2 миңге жакын адам катышты.

Ж.Калмуратов Ноокен районундагы Тоскоол-Ата токой чарбасынын директору болуп эмгектенет.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×