При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-май
67.92    75.84    1.2    KZT 0.22

Кочкор-Атада самсычыны коркутуп, 5 миң доллар талап кылууга шектелип кылмыштуу топтун мөчөлөрү кармалды (фото)

Turmush -  Кочкор-Ата шаарында самсы сатып, тиричилик кылган адамды коркутууга алып, акча талап кылууга шектүү делип кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлагандай, былтыркы жылдын 21-декабрь күнү саат 11:30дар чамасында самсы саткан кишини «Зама», «Акмал» каймана ысым менен жүрүшкөн бейтааныш адамдар самсаканасынан алып чыгышып, шаардагы эски санаториянын багына алып барып, тапанча менен коркутушкан. Аны уруп, тепкилешип, 16 миң сом акчасын алып, андан сырткары дагы 5000 АКШ доллар талап кылышкан.

«Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси («Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү»), 123-беренеси («Адамды уурдоо»), 234-беренеси («Жарандардын тең укуктуулугун бузуу») боюнча кылмыш иш козголгон. Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын буйругунун негизинде «Разбойник» аталышта ыкчам иликтөө жана профилактикалык иш-чара уюштурулган. Операция учурунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Кочкор-Ата шаарында самса бышырып сатып, тиричилик кылган жаранды карактап, акчасын алгандыгы аныкталган. Алынган ыкчам маалыматтын негизинде бул кылмышка Акмал жана анын шериги Зама аттуу жарандар шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди», - деп айтылат маалыматта.

Шектүү 2 адам кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМде каттоодо турат. Кылмышкерлер тобуна жана анын лидерлерине каржылаган каналдарын табуу жана облустун аймагында уюшулган кылмыштуу топтун идеяларын колдогон жарандарды аныктоо үчүн тапшырмалар берилип, оперативдик иш-чаралар улантылууда.

Шектүү

143

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2556
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×