Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 23.01.2017 15:58

Ноокенде 5 мектептин окуучулары арасында алыш күрөш боюнча мелдеш өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Момбеков айыл аймагындагы 5 мектептин окуучулары арасында алыш күрөш боюнча мелдеш уюштурулду. Бул тууралуу РИИБдин башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Нурбек Маматов билдирди.

Анын айтымында, мелдеш Ыйман, адеп жана маданият жылына карата «Мекеним менин-Кыргызстан» долбоорунун алкагында уюштурулду. Анын максаты окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, диний экстремизмге, баңгичиликке каршы күрөшүү, достукту бекемдөө, жаштарды адептүүлүккө, ыймандуулукка чакыруу болуп саналат.

Бул жышаанга жергиликтүү дин таануучу Шералы Жумабаев демөөрчүлүк көрсөттү. Күрөшкө 150дөй жаш өспүрүмдөр катышып, күч сынашты.

Иш-чарага жергиликтүү спорт ышкыбоздорунан тартып, ата-энелери, машыктыруучулары, жергиликтүү бийлик органдары жана райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги күбө болуп, калыстар тобу байгелүү орундарды аныкташып, демөөрчүлөр тарабынан баалуу белектер тапшырылды.

Жалпы жыйынтык менен командалар арасынан 1-орунду №23 Жунушалиев атындагы орто мектептин окуучулары багындырып, акчалай сыйлык, диплом жана кубокко ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×