Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Жалал-Абад

Акман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп М.Көкөнов шайланды (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Марсел Көкөнов шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, шайлоо бүгүн, 20-январда жашыруун добуш берүү менен өттү. Анда 4 талапкер ат салышып, 2-турдун жыйынтыгында М.Көкөнов 13 добуш менен айыл өкмөттүн башчысы болуп шайланды.

Марсел Көкөнов Улуттук гвардияда 3 жыл эмгектенген. Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис, Жалал-Абад мамлекеттик университетине караштуу окуу өндүрүштүк чарбада директор болуп эмгектенип келген.

Марсел Көкөнов үй-бүлөлүү, 3 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2941
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×